# 55-берене. Мыйзамдардын долбоорлорун кароонун жалпы талаптары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 8-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 03.04.2020 [Закон КР от 3 апреля 2020 года № 33 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам стабилизации социально-экономической ситуации в связи с обстоятельствами непреодолимой силы"](https://aqlex.ai/kg/doc/112023); 20.07.2017 [Закон КР от 20 июля 2017 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики", "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики")](https://aqlex.ai/kg/doc/111644); 11.07.2013 [Закон КР от 11 июля 2013 года № 133 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203941); 16.04.2012 [Закон КР от 16 апреля 2012 года № 40 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203640)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263815..1263816>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-55>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-55.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 55-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-55

---

1. Жогорку Кеңеш мыйзамдарды алар жооптуу комитеттерде каралгандан кийин кабыл алат.

2. Жооптуу комитет тарабынан Жогорку Кеңештин кароосуна даярдалган мыйзам долбоору жана материалдар Төрагага жиберилет.

3. Мыйзамдардын долбоорлору үч окуу жол-жобосу боюнча каралат жана кабыл алынат.

4. Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлору жана мамлекеттик чек араны өзгөртүү тууралуу мыйзамдар Жогорку Кеңеш тарабынан кеминде үч окууда кабыл алынат. Ушул мыйзам долбоорлору боюнча депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн чечими менен төртүнчү окуу дайындалышы мүмкүн.

5. Мамлекеттик бюджеттин каражаттарынын эсебинен жабылуучу чыгымдарды көбөйтүүнү караган мыйзамдардын долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөт каржылоо булагын аныктагандан кийин кабыл алынат.

6. Жогорку Кеңеш тарабынан мыйзам долбоорун кароо ар айлык иш планына ылайык жүргүзүлөт.

7. Мыйзам долбоору коштоочу документтери менен Жогорку Кеңеш тарабынан аны кароого чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен депутаттарга берилет.

8. Жогорку Кеңеш ар бир окууда мыйзам долбоорун кароонун натыйжалары боюнча добуш берүү өткөрөт.

9. Ушул Регламентте каралган учурларды кошпогондо, мыйзам долбоору боюнча ар бир окуунун ортосундагы убакыттын аралыгы 10 жумушчу күндөн кем болушу жана 30 жумушчу күндөн ашык болушу мүмкүн эмес.

10. Бардык фракциялардын, ушул бөлүктүн 8-пунктунда каралган учурду кошпогондо, жооптуу жана тармактык комитеттеринин оң корутундулары болгондо, Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорун бир эле мезгилде экинчи жана үчүнчү окууда жана\\же үч окууда кабыл алууга төмөнкү учурларда укуктуу:

1) мыйзамдын ченемдерин Конституцияга ылайык келтирүүдө;

2) колдонуудагы мыйзамды жаңы кабыл алынган мыйзамдын ченемдерине ылайык келтирүүдө;

3) мыйзамдын бир беренелерин ошол эле мыйзамдын башка беренелерине ылайык келтирүүдө;

4) мыйзамдын текстинин грамматикалык каталарын оңдоодо;

5) мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзамдын тексттеринин ортосундагы дал келбестиктерди жоюуда;

6) кредиттик макулдашууларды кошпогондо, эл аралык келишимдерди ратификациядоо жөнүндө мыйзам долбоорун кароодо.

7) Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлорун кароодо.

8) өзгөчө абал, өзгөчө кырдаал киргизилишине жана\\же ал жеткис күчтүн жагдайларына байланыштуу социалдык-экономикалык кырдаалды турукташтыруу, укук тартиби жана коопсуздук маселелери боюнча мыйзам долбоорун кароодо.

11. Президенттин каршы пикирлери менен Жогорку Кеңешке кайтарылып берилген, макулдашуу тобу тарабынан даярдалган мыйзам ушул Регламенттин 77-беренесине ылайык кыскартылган жол-жобо боюнча кайра каралууга тийиш.

12. Мыйзам долбоору четке кагылган учурда Жогорку Кеңеш аны кайра кароого четке кагуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн тартып 6 айдан эрте эмес киришиши мүмкүн.

13. Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоору расмий өкүл болуп дайындалган министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же болбосо алардын биринчи орун басарларынын, статс-катчыларынын, орун басарларынын, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн атынан сунушталат.

14. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору, ченемдик жоболору конституциялык эмес деп таанылган учурда Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз тартипте каралат.

15. Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечиминен келип чыгуучу конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору Конституциялык палатанын чечиминин мааниси менен мазмунунан гана келип чыгуучу ченемдерди камтууга тийиш.

(КР 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 40, 2013-жылдын 11-июлундагы № 133, 2017-жылдын 20-июлундагы № 137, 2020-жылдын 3-апрелиндеги № 33 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-54)  
Кийинки берене: [56-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-56)
