# 54-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун төртүнчү окууга даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-54>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-54.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 54-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-54

---

1. Конституцияга, конституциялык мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун, мамлекеттик чек араны өзгөртүү жөнүндө мыйзамдарды кароодо Жогорку Кеңеш төртүнчү окуу өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

Жооптуу комитет Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү менен бирдикте, Жогорку Кеңештин жыйналышынын стенограммасынын негизинде үчүнчү окуу боюнча мыйзам долбоорунун мамлекеттик жана расмий тилдердеги биротоло акыркы текстин даярдайт.

2. Жооптуу комитет корутунду менен катар Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз жана электрондук түрдө төмөнкү материалдарды жиберет:

1) мыйзам долбоорунун биротоло текстин;

2) Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун.

---

Мурунку берене: [53-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-53)  
Кийинки берене: [55-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-55)
