# 53-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-53>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-53.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 53-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-53

---

1. Жооптуу комитет мыйзам долбоорун үчүнчү окууга даярдоонун жүрүшүндө Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү менен бирдикте, Жогорку Кеңештин жыйналышынын стенограммасынын негизинде, экинчи окууда кабыл алынган түзөтүүлөрдү эске алуу менен мыйзам долбоорунун мамлекеттик жана расмий тилдердеги биротоло акыркы текстин даярдайт.

Мыйзам долбоорунун текстин даярдоодо, алардын мазмунун өзгөртпөстөн беренелеринин жана анын түзүмдүк элементтеринин өз ара туура байланышын белгилөө үчүн так эместиктерди четтетүүгө жана оңдоолорду киргизүүгө жол берилет.

2. Жооптуу комитет үчүнчү окууга карата корутунду менен катар Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмүнө кагаз жана электрондук түрдө төмөнкү материалдарды жиберет:

1) мыйзам долбоорунун биротоло акыркы толук текстин жана тиркелген мыйзам долбоорлорунун пакетин;

2) бардык түзөтүүлөр менен таблицаны;

3) Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун.

---

Мурунку берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-52)  
Кийинки берене: [54-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-54)
