# 51-берене. Жооптуу комитет тарабынан мыйзам долбоорун биринчи окууга даярдоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2017 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики", "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики")](https://aqlex.ai/kg/doc/111644)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.07.2017 [Закон КР от 20 июля 2017 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О нормативных правовых актах Кыргызской Республики", "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики")](https://aqlex.ai/kg/doc/111644); 11.07.2013 [Закон КР от 11 июля 2013 года № 133 "О внесении дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203941); 16.04.2012 [Закон КР от 16 апреля 2012 года № 40 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203640)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263810..1263811>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-51>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-51.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 51-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-51

---

1. Жооптуу комитет ушул Регламентте каралган учурларды кошпогондо, мыйзам долбоору алынган күндөн тартып 30 күндөн кечиктирбестен аны алдын ала кароону жүзөгө ашырат.

Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечимин аткаруу максатында Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан демилгеленген конституциялык мыйзамдын жана мыйзамдын долбоорлору корутунду берүү үчүн Жогорку Кеңештин жооптуу комитети тарабынан Өкмөткө жөнөтүлөт. Мыйзам долбоору боюнча корутунду Өкмөт тарабынан Жогорку Кеңештин жооптуу комитетине 30 күндөн кечиктирбестен берилүүгө тийиш.

2. Фракциялар, комитеттер, депутаттар, Өкмөт, жарандык коомдун өкүлдөрү мыйзам долбоору боюнча сын-пикирлерди жана сунуштарды жазуу жүзүндө, ал Жогорку Кеңештин расмий сайтында жайгаштырылган күндөн тартып 2 жуманын ичинде жооптуу комитетке жиберүүгө укуктуу.

3. Эксперттик кызмат корутундуларды жооптуу комитетке мыйзам долбоору алынган күндөн тартып 15 күндөн кечиктирбестен жиберет.

4. Мыйзам долбоору жооптуу комитеттин жыйналышына анын демилгечиси же ал ыйгарым укук берген өкүл тарабынан сунушталат. Өкмөт тарабынан киргизилген мыйзам долбоору расмий өкүл болуп дайындалган министрлердин, мамлекеттик комитеттердин төрагаларынын, администрациялык ведомстволордун жетекчилеринин, башка мамлекеттик органдардын жетекчилеринин же болбосо алардын биринчи орун басарларынын, статс-катчыларынын, орун басарларынын, ошондой эле Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлүнүн атынан сунушталат.

5. Альтернативдүү мыйзамдардын долбоорлору болгон учурда жооптуу комитет аларды бир убакта карайт жана Жогорку Кеңешке бир мыйзам долбоорун кабыл алууну жана калгандарын четке кагууну же болбосо бардык мыйзам долбоорлорун бириктирүүнү же четке кагууну сунуш кылат.

6. Жооптуу комитет мыйзам долбоорун жана коштоочу документтерди кароонун жыйынтыктары боюнча корутунду кабыл алат, анда төмөнкүлөр чагылдырылат:

1) мыйзам долбоорунун концепциясы;

2) мыйзам долбоорунун мазмунунун билдирилген концепцияга ылайыктуулугу;

3) мыйзам долбоорунда каралган коомдук мамилелер чөйрөсүндөгү жөнгө салуучу ченемдик базанын абалы;

4) ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорунун жөндөөчү таасирин талдоонун натыйжалары боюнча сунуштар;

5) ушул Регламенттин 50-беренесине ылайык жүргүзүлгөн экспертизалардын натыйжалары боюнча сунуштар;

6) эгерде ушундайлар болсо, көз карандысыз эксперттердин, адистердин жана уюмдардын корутундуларынын натыйжалары боюнча сунуштар;

7) алар өткөрүлгөн учурда, өткөрүлгөн коомдук талкуулардын натыйжалары боюнча сунуштар;

8) мыйзам долбооруна карата фракциялардын, комитеттердин жана депутаттардын сунуштары;

9) ал болгондо, комитеттин мүчөсүнүн өзгөчө пикири;

10) Жогорку Кеңеш тарабынан ушул Регламенттин 56-беренесинин 4-бөлүгүндө каралган чечимди кабыл алуусу жөнүндө сунуштамалар.

7. Мыйзам долбоорун алдын-ала кароонун натыйжалары боюнча жооптуу комитет Аппараттын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө кагаз жана электрондук түрдө төмөнкүлөрдү жиберет:

1) комитеттин корутундусун;

2) болсо - корутундуга карата салыштырма таблицаны;

3) мыйзам долбоору боюнча Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун.

8. Жооптуу комитеттин жыйналышынын корутундусуна жана протоколуна төрагалык кылуучу кол коет.

(КР 2012-жылдын 16-апрелиндеги № 40, 2013-жылдын 11-июлундагы № 133, 2017-жылдын 20-июлундагы № 137 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [50-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-50)  
Кийинки берене: [52-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-52)
