# 50-берене. Мыйзам долбоорунун экспертизасы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-50>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-50.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 50-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-50

---

1. Аппараттын эксперттик кызматы мыйзам долбоору боюнча укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы экспертизалардын натыйжалары менен милдеттүү тартипте төмөнкү корутундуларды берет:

1) алар тиешелүү комитеттерде каралганга жана биринчи окууга киргизилгенге чейин мыйзам долбооруна жана мыйзам долбоорлорунун пакетине;

2) мыйзам долбоорун экинчи окууга карата даярдоонун жүрүшүндө киргизилген түзөтүүлөргө;

3) Президенттин каршы пикирлери боюнча макулдашуу тобу тарабынан даярдалган мыйзамдын текстине.

2. Аппараттын лингвистикалык кызматы төмөнкүлөрдү камтыган экспертизаны жүзөгө ашырат:

1) мамлекеттик жана расмий тилдердеги мыйзам долбоорунун тексттеринин жана тиркелген пакеттин каралганга жана биринчи окууга киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин аныктыгынын жана ички ырааттуулугунун салыштырма-редакциялык экспертизасын;

2) мыйзам долбоорун экинчи окууга киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынгандан кийин жооптуу комитеттин корутундусунун жана түзөтүүлөр таблицасынын котормосун;

3) каралганга жана үчүнчү окууга киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынганга чейин мыйзам долбоорунун мамлекеттик жана расмий тилдердеги туура келген тексттерин;

4) Президенттин каршы пикирлери боюнча макулдашуу тобу тарабынан даярдалган мыйзамга сунуштардын туура келген текстин.

3. Эксперттик корутундуларга, ошондой эле котормонун тексттерине тиешелүү кызматтын жетекчиси кол коет.

---

Мурунку берене: [49-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-49)  
Кийинки берене: [51-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-51)
