# 47-берене. Мыйзам долбоорун киргизүү. Коштоочу документтер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2019 года № 115 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам деятельности органов местного самоуправления"](https://aqlex.ai/kg/doc/111962)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263814..1263815>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-47>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-47.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 47-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-47

---

1. Мыйзам чыгаруу демилгеси укугунун субъекти тарабынан Жогорку Кеңешке киргизилүүчү мыйзам долбооруна төмөнкү коштоочу материалдар тиркелет:

1) демилгечинин коштоочу каты;

2) мыйзамдын долбооруна карата маалымдама-негиздеме, ал төмөнкүлөр жөнүндө маалыматтарды камтуусу тийиш:

а) мыйзам долбоорунун максаттары жана милдеттери жөнүндө;

б) мыйзамдын колдонулушунун мүмкүн болуучу социалдык, экономикалык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттери жөнүндө;

в) парламенттик угуунун, коомдук талкуулоонун натыйжалары жөнүндө;

г) мыйзам долбоорунун мыйзамдарга ылайыктуулугу жөнүндө;

д) каржылоонун булактары тууралуу;

е) эгерде ченемдик укуктук актынын долбоору жергиликтүү жамааттардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызыкчылыктарына тикелей тиешелүү болсо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын тиешелүү ассоциациялары, бирликтери менен консультациялардын жана талкуулардын натыйжалары жөнүндө;

3) эгерде мыйзам долбоорунда колдонуудагы мыйзамга түзөтүү киргизилип жатса, салыштырма таблица;

4) сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунан келип чыгуучу мыйзам долбоорлорун (мындан ары - мыйзам долбоорунун пакетин);

5) ишкердик ишти жөнгө салууга багытталган мыйзам долбоорлорунун жөндөөчү таасирин талдоону.

2. Мыйзам долбоорун элдик демилге тартибинде киргизүүдө төмөнкүлөр кошумча берилиши тийиш:

1) демилгечи топту каттоо жөнүндө документ (курамы, фамилиясы, аты-жөнү, паспорттук маалыматтары);

2) колтамгалар коюлган барактар;

3) мыйзам долбоорунун расмий басылмада жарыяланган текстинин бир нускасы.

3. Мыйзам долбоору жана коштоочу документтер электрондук форматта, мамлекеттик жана расмий тилдерде (12 өлчөмүндөгү TIMES №EW ROMA№ арибинде), ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын санына барабар кагазда басылган вариантта берилет.

(КР 2019-жылдын 8-августундагы № 115 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [46-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-46)  
Кийинки берене: [48-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-48)
