# 46-берене. Жогорку Кеңештин мурунку чакырылышы кабыл албаган мыйзам долбоорлорун кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 7-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-46>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-46.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 46-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-46

---

1. Депутат же депутаттар тарабынан демилгелеген жана мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда каралбаган мыйзам долбоору, элдик демилге тартибинде киргизилген долбоорду кошпогондо, чакыртып алынган болуп эсептелет.

2. Эгерде Өкмөттүн жаңы курамы аны колдоодон баш тартса, Өкмөттүн мурунку курамы тарабынан киргизилген мыйзам долбоору чакыртып алынган болуп эсептелет.

3. Депутат же депутаттар тарабынан демилгелеген чакыртып алынган мыйзам долбоору, аны кайталап демилгелөө жана сессиялык планга кошуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жаңы чакырылыштын депутаттарына жана Жогорку Кеңештин тармактык комитетине таратып берилет.

4. Жаңы чакырылыштын депутаттары тарабынан талап кылынбаган чакыртып алынган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин архивине өткөрүп берилет.

5. Элдик демилге тартибинде киргизилген же Өкмөт колдоого алган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеш тарабынан ушул Регламентте аныкталган тартипте каралат.

6. Мурунку чакырылыштагы Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи, экинчи жана үчүнчү окууларда кабыл алынган мыйзам долбоорлору Жогорку Кеңеш тарабынан ушул Регламентте аныкталган тартипте каралат.

---

Мурунку берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-45)  
Кийинки берене: [47-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-47)
