# 44-берене. Фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-44>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-44.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 44-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-44

---

1. Фракциялардын жыйналыштары жума күнү, ал эми зарыл болгондо шайлоочулар менен иштөө убактыларын, комитеттердин жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарын кошпогондо, башка күндөрү өткөрүлөт.

2. Комитеттерде жана комиссияларда жыйналыштар дүйшөмбү жана шейшемби күндөрү, ал эми зарыл болгондо шайлоочулар менен иштөө убактыларын, фракциялардын жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарын кошпогондо, башка күндөрү өткөрүлөт.

3. Комитеттердин, комиссиялардын жыйналышы алардын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү катышканда укук ченемдүү болот. Комитеттер, комиссиялар чечимди комитеттердин, комиссиялардын катышкан мүчөлөрүнүн санынын көпчүлүгү менен кабыл алат.

4. Фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштарын өткөрүү тариздери жана жол-жоболору кворум, жыйналыш өткөрүүнүн тили, күн тартибин бекитүү, ж.б. маселелери, эгерде ушул Регламентте башкалар каралбаса, Жогорку Кеңештин жыйналыштарын өткөрүү жол-жобосуна окшош болот.

---

Мурунку берене: [43-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-43)  
Кийинки берене: [45-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-45)
