# 43-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-43>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-43.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 43-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-43

---

1. Жогорку Кеңештин жыйналышы маселелерди кароонун кезектүүлүгүн аныктоо менен, ар айлык пландын негизинде жыйналыштын Төрага сунуш кылган күн тартибин бекитүүдөн башталат.

2. Жогорку Кеңеш комитеттерде каралган мыйзамдардын долбоорун жыйналыштын күн тартибине мөөнөтүнөн мурда киргизүүгө укуктуу.

3. Жогорку Кеңеш тарабынан жооптуу комитеттин жылдыруу жөнүндө чечими жактырылган учурларды кошпогондо, жыйналыштын күн тартибине киргизилген маселени кароону Жогорку Кеңештин чечими боюнча бир жолудан ашык эмес жылдырууга жол берилет.

4. Жыйналыштын күн тартиби катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен бекитилет.

5. Ушул Регламенттин 3-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-, 6-9-, 13-, 15-, 17-30-, 33-, 38-, 39-пункттарында каралган маселелер ушул Регламентте белгиленген шарттар сакталганда, жыйналыштын күн тартибине аны Жогорку Кеңештин бекитүүсү жок эле Төрага тарабынан киргизилет.

6. Өкмөт тарабынан кечиктирилгис катары аныкталган мыйзам долбоору жооптуу комитеттин корутундусу болгондо, жыйналыштын күн тартибине киргизилет жана Жогорку Кеңеш тарабынан кезексиз каралат.

7. Ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, жыйналыштардын күн тартибинин маселелери боюнча материалдар депутаттарга Жогорку Кеңештин жыйналышына чейин 3 күн калгандан кечиктирбестен берилет.

---

Мурунку берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-42)  
Кийинки берене: [44-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-44)
