# 41-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышында депутаттардын укуктары жана милдеттери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-41>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-41.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 41-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-41

---

1. Депутат Жогорку Кеңештин, фракциялардын, комитеттердин жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарына катышууга милдеттүү.

2. Жогорку Кеңештин жыйналыштарында депутаттар ушул Регламентте белгиленгендердин чектеринде төмөнкүлөргө укуктуу:

1) жарыш сөзгө катышууга;

2) талкууланып жаткан маселелердин маңызы боюнча ой-пикирлерди жана сунуштарды киргизүүгө;

3) Жогорку Кеңештин кароосуна көрсөтүлгөн кызмат адамдарынын талапкерликтери боюнча пикир айтууга;

4) ушул Регламентте белгиленген тартипте чыгып сүйлөгөндөргө суроо берүүгө;

5) маалымдамаларды берүүгө жана депутаттардын арасында Жогорку Кеңештин фракцияларынын, комитеттеринин, комиссияларынын ишине тиешелүү материалдарды таратууга.

3. Депутаттар ушул Регламентте белгиленген башка укуктардан пайдаланууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [40-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-40)  
Кийинки берене: [42-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-42)
