# 38-берене. Жогорку Кеңештин жыйналышын өткөрүүнүн тили

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-38>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-38.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 38-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-38

---

1. Жогорку Кеңештин жыйналышы расмий тилге жарыш которууну камсыз кылуу менен, төрагалык кылуучу тарабынан мамлекеттик тилде алып барылат.

2. Депутат, ошондой эле чакырылган адамдар Жогорку Кеңештин жыйналыштарында расмий тилде сүйлөөгө укуктуу.

3. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштарында чыгып сүйлөөлөр мамлекеттик тилден расмий тилге жана расмий тилден мамлекеттик тилге жарыш которуу менен камсыз кылынат.

4. Чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, ошондой эле мамлекеттик жана расмий тилдерди билбеген өкүлдөрү, чет өлкөлүк жарандар чет тилде сүйлөөгө укуктуу, алар мамлекеттик жана расмий тилдерге жарыш которуу менен камсыз кылынат.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 28- ноябрындагы № 12-р чечими

---

Мурунку берене: [37-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-37)  
Кийинки берене: [39-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-39)
