# 35-берене. Жогорку Кеңештин жыйналыштары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 35-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-35

---

1. Жогорку Кеңештин жыйналыштары төмөнкүдөй болушу мүмкүн:

1) кезектеги;

2) кезексиз;

3) ачык;

4) жабык.

2. Жогорку Кеңештин кезектеги жыйналыштары мыйзамдарда каралган учурларды кошпогондо, шаршемби жана бейшемби күндөрү өткөрүлөт.

Мыйзамдарга ылайык жумушчу күндөрү которулган учурда, Жогорку Кеңеш жана анын органдары ошол которулган жумушчу күн үчүн иштешет.

3. Кезектеги жыйналыштар 9 саат 30 мүнөттө башталат жана саат 18.00дө аяктайт. Жогорку Кеңештин чечими боюнча жыйналышты өткөрүү убактысы узартылат.

4. Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын убагында фракциялардын, комитеттердин, комиссиялардын жыйналыштары, парламенттик угуулар өткөрүлбөйт, ошондой эле шайлоочулар менен иштер жүргүзүлбөйт.

5. Жогорку Кеңештин кезексиз жыйналышы шаршембиден жана бейшембиден тышкары, аптанын кайсыл гана болбосун күнү Президенттин, Төраганын сунушу боюнча өткөрүлүшү мүмкүн.

---

Мурунку берене: [34-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-34)  
Кийинки берене: [36-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-36)
