# 34-берене. Жогорку Кеңештин сессиялары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 6-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2014 года № 129 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205350)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263804..1263805>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-34>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-34.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 34-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-34

---

1. Жогорку Кеңештин сессиялары сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн башталат жана кийинки жылдын июнунун акыркы жумушчу күнүнө чейин уланат.

2. Сессиялар Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гимнин аткаруу менен башталат жана аяктайт.

3. Сессиялар Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналыштары таризинде жүзөгө ашырылат.

4. Жогорку Кеңештин сессияларынын ортосундагы мезгилде Төрага Президенттин, Өкмөттүн же Жогорку Кеңештин депутаттарынын үчтөн биринен кем эмесинин сунушу боюнча Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясын чакырат.

5. Кезексиз сессияны чакыруу жөнүндө сунуш себептерин, кароого сунушталган суроолорду жана өткөрүү мөөнөттөрүн көрсөтүү менен Төрагага жиберилет.

6. Жогорку Кеңештин кезексиз сессиясы келип түшкөн сунуш Жогорку Кеңеште катталган күндөн тартып 3 күндөн кечиктирбестен Төрага тарабынан чакырылат.

7. Кезексиз сессия Жогорку Кеңеш тарабынан сунушталган маселелер боюнча чечим кабыл алынгандан кийин аяктайт.

8. Жашыруун добуш берүү жол-жобосун камсыз кылуу үчүн Жогорку Кеңеш убактылуу комиссияларды түзүү үчүн каралган тартипте эсептөө комиссиясын шайлайт.

(КР 2014-жылдын 10-июлундагы № 129 Мыйзамынын редакуиясына ылайык)

---

Мурунку берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-33)  
Кийинки берене: [35-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-35)
