# 32-берене. Бүткүл Жогорку Кеңештин комитети

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-32>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-32.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 32-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-32

---

1. Жогорку Кеңеш төмөнкүдөй учурларда бүткүл Жогорку Кеңештин комитети тартибинде иштейт:

1) шайлангандан кийин Жогорку Кеңештин ишинин башталышында ушул Регламенттин 9-беренесине ылайык биринчи кезектеги маселелерди кароодо;

2) өзгөчө кырдаал, согуштук абал киргизилгенде, согуш абалы жарыяланганда Жогорку Кеңештин демейки тартипте иштеши үчүн шарттар жок болгон учурда;

2. Жыйналыш тармактык комитеттин жетекчисинин төрагалыгы алдында жүргүзүлөт, ал болбогон учурда төрагалык кылуучу Жогорку Кеңештин чечими боюнча шайланат.

3. Бүткүл Жогорку Кеңештин комитетинин материалдары жана чечимдеринин долбоорлору жыйналыштын жүрүшүндө таратылып берилиши мүмкүн.

4. Бүткүл Жогорку Кеңештин комитети чечимди ант берген депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн ачык добушу менен кабыл алат.

5. Бүткүл Жогорку Кеңештин комитети каралган маселе боюнча чечим кабыл алгандан кийин өз ишин аяктайт.

6. Бүткүл Жогорку Кеңештин комитетинин чечими Жогорку Кеңештин жыйналышында токтоосуз каралууга жатат.

---

Мурунку берене: [31-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-31)  
Кийинки берене: [33-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-33)
