# 28-берене. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-28>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-28.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 28-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-28

---

1. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу төмөнкү учурларда жүзөгө ашырылат:

1) комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасынын жана төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу жөнүндө өздөрү жазуу жүзүндө арыз бергенде (кызматтан кетиши);

2) депутаттык ыйгарым укуктары токтотулганда;

3) Жогорку Кеңеш чакыртып алганда.

2. Комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын алып салуу (кызматтан кетиши) жөнүндө жазуу жүзүндөгү арыздын тексти төрагалык кылуучу тарабынан Жогорку Кеңештин жыйналышында жарыяланат жана эске алынат.

3. Депутаттык ыйгарым укуктардын мөөнөтүнөн мурда токтотулушу комитеттин, убактылуу комиссиянын төрагасынын же төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарынын токтотулушуна алып келет.

4. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын чакыртып алуу жөнүндө маселе жыйналыштын күн тартибине фракциянын демилгеси боюнча, Жогорку Кеңештин чечими менен киргизилет жана 72 сааттан эрте эмес жана тиешелүү арыз берген күндөн кийин бешинчи күндөн кечиктирбестен каралышы керек.

5. Жогорку Кеңештин комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төраганын орун басарын чакыртып алуу жөнүндө токтому катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

6. Комитеттин же убактылуу комиссиянын төрагасын, төрагасынын орун басарын чакыртып алуу жөнүндө сунуш бир эле фракция тарабынан жылына бирден көп эмес киргизилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-27)  
Кийинки берене: [29-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-29)
