# 26-берене. Комитеттердин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоонун тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 26-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-26

---

1. Жогорку Кеңеш өз ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө, Жогорку Кеңештин бардык Комитетинин төрагасын кошпогондо, өзүнүн курамынан Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын жашыруун добуш берүү менен шайлайт.

Караңыз: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 11-январындагы № 1491-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларын шайлоо жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 22-февралындагы № 1664-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтому; Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 1874-V "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин айрым комитеттеринин төрагаларынын орун басарларын шайлоо жөнүндө" токтому

2. Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларынын жана алардын орун басарларынын кызмат орундарына талапкерлерди көрсөтүү, кароо жана шайлоо Төраганын кызмат ордуна талапкерлер үчүн каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

3. Бардык фракциялардын чечими боюнча Жогорку Кеңештин комитеттеринин төрагаларын жана алардын орун басарларын шайлоо талапкерлердин бирдиктүү тизмеси боюнча, атаандашсыз негизде жүргүзүлүшү мүмкүн.

4. Катышып отургандардын санынын көпчүлүгүнүн добушун, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушун алган талапкер шайланган болуп эсептелет.

5. Караштуулугунда бюджет жана укук коргоо маселелери болгон комитеттердин төрагалары парламенттик оппозиция өкүлдөрүнүн ичинен шайланат.

---

Мурунку берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-25)  
Кийинки берене: [27-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-27)
