# 25-берене. Комитеттер

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 5-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 25-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-25

---

1. Жогорку Кеңештин комитеттери Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарына таандык болгон маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону, ошондой эле Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган мыйзамдардын жана чечимдердин турмушка ашырылышын контролдоону жүзөгө ашырат.

2. Жогорку Кеңеш комитеттердин санын, алардын караштуулугундагы маселелерди аныктайт, ошондой эле алардын курамын түзөт.

3. Комитеттердин курамы фракциялардын лидерлеринин сунуштамалары боюнча, алардын тең салмактуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен түзүлөт.

4. Жогорку Кеңештин тармактык комитеттери өздөрүнүн карамагындагы маселелер боюнча Жогорку Кеңештин контролдоо функциялары жөнүндө мыйзамга ылайык, бийликтин аткаруу органдарында мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдойт.

5. Комитеттер Жогорку Кеңешке отчет берет.

---

Мурунку берене: [24-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-24)  
Кийинки берене: [26-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-26)
