# 24-берене. Жогорку Кеңештин Координациялык кеңеши

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 4-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-24>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-24.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 24-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-24

---

1. Жогорку Кеңештин Координациялык Кеңеши (мындан ары - Координациялык Кеңеш) Жогорку Кеңештин ишин жалпы пландаштырууну, Жогорку Кеңештин өз ыйгарым укуктарын натыйжалуу жүзөгө ашырууга багытталган уюштуруу маселелерин талкуулоону жана чечүүнү жүзөгө ашырат.

2. Координациялык Кеңештин курамына Төрага, анын орун басарлары, комитеттердин төрагалары, коалициялардын жетекчилери жана фракциялардын лидерлери, ал эми алар болбогон учурда - орун басарлары кирет.

3. Координациялык кеңештин жыйналышы Төраганын чечими боюнча апта сайын өткөрүлөт.

4. Координациялык Кеңеш төмөнкүлөрдү кароону жүзөгө ашырат:

1) Жогорку Кеңештин сессиялык жана айлык иш планынын долбоорлорун жана аларды Жогорку Кеңешке киргизүүнү;

2) ар жылдык иш пландын жана Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу иш планынын аткарылыш мониторингин жана контролдоо натыйжаларын;

3) Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык кызматташуу планын;

4) чет өлкөлөргө жиберилүүчү расмий парламенттик делегациялардын курамын (делегациялардын ыйгарым укуктарынын көлөмүн. алардын жетекчилерин жана коштоочу адамдарын);

5) ички аудит жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобонун долбоорун;

6) Төраганын отчетторунун тариздерин;

7) комитеттин жана убактылуу комиссиянын типтүү жобосун;

8) тартип, жүрүм-турум жана Жогорку Кеңештин жыйналыштарына депутаттардын катышууларынын абалы жөнүндө тиешелүү комитеттин маалыматтарын;

9) ички аудиттин натыйжаларын;

10) Координациялык Кеңештин мүчөлөрүнүн сунушу боюнча башка маселелерди.

5. Координациялык кеңештин мүчөлөрүнүн ички аудитти жүргүзүүгө кийлигишүүлөрүнө тыюу салынат. Ички аудиттин натыйжаларын кароодо жыйналышты Координациялык кеңеш ыйгарым укук берген фракциянын лидери алып барат.

6. Координациялык кеңештин чечими Жогорку Кеңешке жиберилет жана катышып отургандардын көпчүлүгүнүн чечими боюнча, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен жокко чыгарылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [23-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-23)  
Кийинки берене: [25-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-25)
