# 2-берене. Жогорку Кеңеш

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 1-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 2-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-2

---

1. Жогорку Кеңеш - Кыргыз Республикасынын парламенти - мамлекеттик бийликти бөлүштүрүү принцибин сактоо менен, мыйзам чыгаруу бийлигин жана контролдоочу функцияларын өз ыйгарым укуктарынын чектеринде жүзөгө ашыруучу жогорку өкүлчүлүктүү орган болуп саналат.

2. Жогорку Кеңештин конституциялык курамы 5 жылдык мөөнөткө шайланган 120 депутаттан турат.

3. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган ыйгарым укуктарын ушул Регламентте аныкталган тартипте жүзөгө ашырат.

4. Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары, анын биринчи жыйналышында конституциялык курамдын депутаттарынын көпчүлүгү ант берген күндөн тартып башталат. Мурунку чакырылыштын ыйгарым укуктары Жогорку Кеңештин биринчи жыйналышы болгон күндөн тартып токтотулат.

5. Жогорку Кеңеш, анын органдары жана кызмат адамдары өз иштеринде Конституцияны, ушул Регламентти жана башка ченемдик укуктук актыларды жетекчиликке алышат.

---

Мурунку берене: [1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-1)  
Кийинки берене: [3-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-3)
