# 163-берене. Жогорку Кеңешти жана анын органдарын материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 5 января 2016 года № 2 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в законы Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики" и "О бухгалтерском учете")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111281)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263807..1263808>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-163>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-163.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 163-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-163

---

1. Жогорку Кеңешти жана анын органдарынын ишин материалдык-техникалык жана каржылык камсыз кылууну Жогорку Кеңештин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрү жүзөгө ашырат.

2. Жогорку Кеңешти каржылык камсыз кылуу үчүн Жогорку Кеңештин тиешелүү каржылык бөлүмдөрү кийинки бюджеттик жылга Жогорку Кеңештин бюджетинин долбоорун иштеп чыгат жана өтүп жаткан жылдын 1-июлуна чейин Финансы министрлигине жөнөтөт.

3. Жогорку Кеңештин жылдык бюджетинде Жогорку Кеңештин ишин камсыз кылууга, анын ичинде депутаттардын мыйзамдар менен каралган ишин камсыз кылууга (турак жай, машина берүү, иш сапарларга чыгууларды төлөө ж.б.) чыгымдардын өзүнчө беренеси каралат.

4. Жогорку Кеңештин функцияларын жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкүлөр түзүлөт:

1) бюджеттик укук жөнүндө мыйзамдардын талаптарына ылайык түзүлүүчү Төраганын резервдик фонду. анын көлөмү тиешелүү жылга республикалык бюджет жөнүндө мыйзам менен аныкталат;

2) ар жыл сайын бюджеттен депутаттык иш-аракетти каржылоого бөлүнүүчү каражаттардын чегинде түзүлүүчү депутаттын фонду.

5. Көрсөтүлгөн фонддордон каражаттарды чыгымдоонун тартиби Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүчү тиешелүү жоболор менен белгиленет.

(КР 2016-жылдын 5-январындагы № 2 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [162-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-162)  
Кийинки берене: [164-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-164)
