# 162-берене. Фракциялардын катчылыктары жана коалициялардын катчылыктары (өкүлчүлүктөрү)

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 34-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-162>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-162.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 162-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-162

---

1. Фракциянын ишин камсыз кылууну Аппараттын түзүмдүк бирдиги болуп эсептелген, фракциянын иштөө мезгилинде аракеттенген жана Аппарат жөнүндө жобонун жана фракциянын лидеринин сунушу боюнча фракция тарабынан бекитилген фракциянын катчылыгы жөнүндө жобонун негизинде өз ишин алып барган фракциянын катчылыгы жүзөгө ашырат.

2. Фракциялардын коалициясынын ишин камсыз кылууну коалициянын иш мезгилинде иштеген жана өз ишин Аппараттын түзүмдүк бирдиги болуп саналып, Аппарат жөнүндө жобонун жана коалициянын лидеринин же коалицияга кирген фракциялардын лидерлеринин сунуштамасы боюнча коалиция тарабынан бекитилүүчү (эгерде коалициялык макулдашуу менен ушундай кызмат каралган болсо) коалициянын катчылыгы (өкүлчүлүгү) жөнүндө жобонун негизинде жүзөгө ашыруучу коалициянын катчылыгы (өкүлчүлүгү) (эгерде коалициялык макулдашуу менен аны түзүү каралса) жүзөгө ашырат.

3. Фракциянын катчылыктары жана коалициянын катчылыктары (өкүлчүлүктөрү):

1) укуктук, талдоочулук колдоо көрсөтүүнү, уюштуруучулук камсыз кылууну жана иш кагаздарын жүргүзүүнү жүзөгө ашырат;

2) Аппарат жана фракциянын катчылыгы, коалициянын катчылыгы (өкүлчүлүгү) жөнүндө жоболор менен аныкталган башка функцияларды аткарат.

---

Мурунку берене: [161-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-161)  
Кийинки берене: [163-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-163)
