# 158-берене. Жогорку Кеңештин сайты

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-158>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-158.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 158-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-158

---

1. Жогорку Кеңештин сайты Жогорку Кеңеш, анын органдарынын жана түзүмдөрүнүн иши, бекитилген иш пландары жөнүндө дайыма жаңыланып туруучу маалыматтарды, статистикалык, талдоочулук маалыматтарды жана материалдарды, коштоочу документтери менен мыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорунун электрондук версияларын, комитеттерден түшкөн жана каралуучу отчетторду, корутундуларды, маалымдамаларды, ачык жыйналыштардын протоколдорун, стенограммаларын жана у.с. камтыйт.

2. "Парламент жөнүндө", "Жогорку Кеңештин түзүмү", "Мыйзам чыгаруу иши", "Парламенттик контроль", "Басма сөз борбору", "Коомчулук менен байланыш", "Пайдалуу шилтемелер", "Бош орундар", "Жогорку Кеңештин эл аралык иши" бөлүмдөрүнө маалыматтык материалдарды жайгаштырууну Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жүзөгө ашырат.

3. Маалыматтык материалдарды жайгаштырууну контролдоону Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы жүзөгө ашырат.

4. "Фракциялар", "Комитеттер", "Депутаттар" бөлүмдөрүнө маалыматтарды жайгаштырууну фракциялардын катчылыктарынын, комитеттердин бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жана депутаттардын жардамчылары жүзөгө ашырат.

Фракциялардын катчылыктарынын, комитеттин бөлүмдөрүнүн жетекчилери, депутаттар контролду жүзөгө ашырат.

5. Сайттын ишине жалпы контролду Аппарат Жетекчисинин орун басары жүзөгө ашырат.

6. Радио- жана видео блогдор Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы тарабынан даярдалат жана сайтка жайгаштырылат.

7. Бул блогдорду техникалык жактан камсыз кылуу Аппараттын маалыматтык технологиялар бөлүмүнө жүктөлөт.

8. Сайттын бөлүмдөрүнүн аталыштарына өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин жетекчилиги менен макулдашуусуз киргизилиши мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-157)  
Кийинки берене: [159-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-159)
