# 157-берене. Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-157>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-157.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 157-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-157

---

1. Жогорку Кеңештин ишин чагылдыруу жыйналыштарды телекөрсөтүү жана радио уктуруу, башка мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча берүү жолу менен, ошондой эле Жогорку Кеңештин сайты аркылуу камсыз кылынат.

Телекөрсөтүү жана радио уктуруу боюнча маалыматтардын убактысы жана көлөмү Жогорку Кеңеш тарабынан аныкталат.

2. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү аккредитациялоо шартында Жогорку Кеңештин, фракциялардын, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарына катыша алат.

Аккредитациялоонун шарттары жана тартиби, андан ажыратуунун негиздери Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүчү жобо менен каралат.

3. Жогорку Кеңештин, фракциялардын, комитеттердин жана комиссиялардын жыйналыштарын киного, видео-сүрөткө тартуу, ошондой эле үндөрдү жаздырып алуу Жогорку Кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [156-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-156)  
Кийинки берене: [158-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-158)
