# 156-берене. Жарандык коом менен иштөөдө Жогорку Кеңештин ишинин ачыктыгын жана айкындыгын камсыз кылуунун тариздери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-156>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-156.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 156-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-156

---

жана ыкмалары

1. Жарандар жана жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилүүчү жободо каралган тартипте Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын ачык жыйналыштарына катышууга укугу бар.

2. Жогорку Кеңештин иши менен таанышуу жана анын ишинин айкындуулугун камсыз кылуу үчүн жарандар жана чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын, жарандык коомдун, окуу жайларынын өкүлдөрү атайын жобо менен аныкталган тартипте Жогорку Кеңешке келүүгө укуктуу.

3. Жарандык коомдун өкүлдөрү менен иште Жогорку Кеңеш жана анын органдары.

1) өздөрүнүн иштери жөнүндө аларды маалымдайт;

2) мыйзамдардын жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышы үчүн контролду жүзөгө ашырууга аларды тартат;

3) жарандык демилгелерди колдоого алат;

4) биргелешкен талаш-тартыштарды, дебаттарды, акцияларды, өнөктүктөрдү жана башка иш-чараларды уюштурууга көмөктөшөт.

4. Төрага же анын орун басарлары кызматташуунун натыйжалуулугун баалоо, кызматташуунун жаңы багыттары жөнүндө чечим кабыл алуу жана биргелешкен иш-чараларды Жогорку Кеңештин ар жылдык иш планына киргизүү максатында жарандык коомдун уюмдары менен жыл сайын жолугушууларды өткөрөт.

5. Парламенттик угуулардын, конференциялардын, "тегерек үстөлдөрдүн", семинарлардын, кеңешмелердин, жыйналыштардын, анын ичинде жерине баруу жана жарандык коом уюмдарынын катышуусу менен өткөрүлүүчү башка иш-чаралардын аудио жазылмасы, стенограммасы бир жумалык мөөнөттө Жогорку Кеңештин сайтында жайгаштырылат.

---

Мурунку берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-155)  
Кийинки берене: [157-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-157)
