# 155-берене. Коомдук экспертиза

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-155>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-155.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 155-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-155

---

1. Көз карандысыз эксперттер, илимий-изилдөө мекемелеринин, жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү депутаттардын кароосунда турган мыйзамдын долбоору боюнча коомдук экспертизанын натыйжаларын (эксперттик корутундуларды, талдоолорду, пикирлерди, баалоолорду, сунуштарды, укуктук, укук коргоо, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы жана башка экспертизаларды кошуп алганда) Жогорку Кеңешке, фракцияларга жана комитеттерге жибере алат.

2. Комитеттерге берилүүчү сунуштар кыска, так туюндурулуп, экспертизанын, сунуштамалардын предметин талдоо жана уюмдар же билдирме берген жактар тууралуу кыскача маалыматтарды камтууга тийиш.

3. Коомдук экспертиза жооптуу комитет тарабынан жыйналышта каралат, ага түшүнүк берүү, сунуш киргизүү жана кошумча маалыматтарды берүү үчүн экспертиза жүргүзгөн адамдар чакырылат.

4. Коомдук экспертизанын натыйжаларын кароонун жыйынтыгы боюнча комитет билдирүүчүгө кабыл алынган же четке кагылган сунуштар жөнүндө негизделинген жооп жиберет.

---

Мурунку берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-154)  
Кийинки берене: [156-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-156)
