# 154-берене. Жогорку Кеңештин мыйзам чыгаруу ишиндеги ачыктык жана айкындык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 33-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-154>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-154.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 154-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-154

---

1. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер жана башка кызыкдар болгон тараптар депутаттарга, комитеттерге, жумушчу топторго Жогорку Кеңеш тарабынан биринчи окууда каралганга чейин мыйзам долбооруна карата сунуш киргизүүгө укуктуу.

2. Жарандык коомдун уюмдарынын өкүлдөрү, эксперттер жана башка кызыкдар болгон тараптар мыйзам долбоорун биринчи окууда кабыл алуу жөнүндө токтомдо көрсөтүлгөн мөөнөттө экинчи окууга карата депутаттар же Өкмөт аркылуу Жогорку Кеңешке сунуш киргизүүгө укуктуу.

3. Жооптуу комитеттер төмөнкүлөргө укуктуу:

1) мыйзамдардын долбоорлорун талкуулоо үчүн өзүнүн жыйналыштарына жарандык коомдун өкүлдөрүн чакырууга;

2) мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтордун ишине көз карандысыз эксперттерди тартууга.

4. Жогорку Кеңеш мыйзам долбоорлорунун үстүндө иштөө үчүн тартылган эксперттер менен каралган фонддордун чегинде мөөнөттүү эмгек келишимдерин түзүүгө укуктуу.

5. Жогорку Кеңеш мыйзамдарды кабыл алуу, аткаруу жана сунуштамаларды иштеп чыгуу мониторингин өткөрүү боюнча туруктуу аракеттенүүчү коомдук Кеңешти уюштурууга укуктуу, анын түзүмү жана ыйгарым укуктары Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген жобо менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-153)  
Кийинки берене: [155-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-155)
