# 153-берене. Жогорку Кеңештин мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, жарандык коомдун уюмдары менен өз ара аракети жана кызматташтыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 апреля 2015 года № 82 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111124)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263805..1263806>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-153>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-153.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 153-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-153

---

1. Жогорку Кеңеш, анын органдары, депутаттар өз ара аракетти жана кызматташтыкты ушул Регламент жана иш пландар менен аныкталган иштин тариздерине жана ыкмаларына ылайык төмөнкүлөр менен жүзөгө ашырат:

1) мамлекеттик органдар менен;

2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, анын ичинде шаардык, райондук, айылдык кеңештер менен;

3) министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана администрациялык ведомстволордун коомдук кеңештери менен;

4) улуттук, этностук, диний, атайын жана башка өкмөттүк эмес уюмдар менен;

5) эл аралык уюмдар жана фонддор менен;

6) саясий партиялар менен.

2. Жыл сайын Аппараттын тиешелүү бөлүмдөрү Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген жобого ылайык Жогорку Кеңештин, анын органдарынын, депутаттардын шайлоочулар менен иштөөсүнө сапаттык жана сандык талдоо жүргүзөт.

3. Шайлоочулар менен иштөөнүн ар жылкы талдоосу Жогорку Кеңештин жыйналыштарында депутаттар тарабынан каралат.

(КР 2015-жылдын 15-апрелиндеги № 82 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [152-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-152)  
Кийинки берене: [154-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-154)
