# 152-берене. Шайлоочулар менен иштөөнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-152>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-152.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 152-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-152

---

1. Фракциялардын, Жогорку Кеңештин депутаттарынын шайлоочулар менен региондордо иштөөсүн камсыз кылуу үчүн жергиликтүү мамлекеттик администрациялар алар менен жолугушуу үчүн атайын жайларды бөлүп берет.

2. Депутаттардын шайлоочулар менен иштөө тартиби, депутаттардын мамлекеттик бийлик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, ишканаларга, мекемелерге жана уюмдарга кайрылуу жол-жобосу, депутаттын өкүлчүлүк ишинин кепилдигинин маселелери, ошондой эле депутаттын статусу жөнүндө мыйзам жана ушул Регламент менен аныкталат.

3. Фракция шайлоочулар менен иштөө боюнча өзүнүн мүчөлөрүнүн ишин жана төмөнкү маселелер боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын өкүлчүлүк функцияларын аткарууну уюштурат:

1) фракциянын дарегине келип түшкөн кайрылуулардын, сунуштардын, арыздардын өз учурунда, объективдүү жана толук каралышы, алар боюнча зарыл чаралардын кабыл алынышы жөнүндө жана бул маселелер боюнча Жогорку Кеңештин комитеттери менен өз ара аракеттенүү;

2) ошол фракциянын дарегине шайлоочулар кайрылганда, фракциянын мүчөсү болуп саналган депутаттын шайлоочуларды өзү кабыл алуусу;

3) депутаттын дарегине келип түшкөн кайрылуулар боюнча маселелерди чечүүдө өз учурунда, объективдүү жана толук кароо жана алар боюнча зарыл чараларды кабыл алуу максатында депутатка көмөк көрсөтүү;

4) депутаттарга тиешелүү региондорду бекитип берүү жолу менен өлкөнүн ар кайсы региондорунда жашаган шайлоочулар менен депутаттардын фракция мүчөлөрүнүн жолугушуусун өткөрүү;

5) фракция мүчөлөрүнүн демилгеси жана катышуусу боюнча мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен чогулуштарды, конференцияларды, жолугушууларды жана башка иш-чараларды өткөрүү;

6) жеке депутаттын жана фракциянын атына келип түшкөн кайрылууларды жалпылоо жана талдоо;

7) фракциянын катышуусу менен өткөрүлгөн өкүлчүлүк функцияларды аткарууга багытталган иш-чараларды жалпылоо жана талдоо;

8) жарандардын кайрылуусу менен иштөөнүн жана Жогорку Кеңештеги фракциялардын иштеринин абалы жөнүндө шайлоочуларды жана жалпыга маалымдоо каражаттарын маалымдоо.

4. Фракциянын шайлоочулар менен иштөө тартиби фракциянын жобосу менен аныкталат.

---

Мурунку берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-151)  
Кийинки берене: [153-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-153)
