# 151-берене. Шайлоочулар менен иштөөнүн тариздери жана ыкмалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 32-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-151>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-151.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 151-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-151

---

1. Жогорку Кеңеш, анын органдары, депутаттар сессия учурунда жана сессиялардын ортосундагы мезгилде шайлоочулар менен ишти төмөнкүдөй уюштурат:

1) шайлоочуларды кабыл алуу;

2) сунуштарды, арыздарды, сунуштамаларды кароо;

3) чогулуштарды, конференцияларды, жолугушууларды, "тегерек үстөлдөрдү", семинарларды, Кеңешмелерди, жыйналыштарды, анын ичинде жерине баруу менен ачык эшиктер күндөрүн жана башка иш-чараларды өткөрүү;

4) жарандардын жана алардын бирикмелеринин мыйзам чыгаруу сунуштарын кароо жана кабыл алуу;

5) мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жарандардын укуктарын бузуу боюнча парламенттик териштирүү жүргүзүү жөнүндө жарандардын кайрылууларын кароо;

6) мыйзам долбоорлору жана коомдук маанилүү маселелер боюнча парламенттик угууларды өткөрүү;

7) шайлоочулардын арыздары боюнча мамлекеттик органдарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына парламенттик жана депутаттык суроо-талаптарды жиберүү.

---

Мурунку берене: [150-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-150)  
Кийинки берене: [152-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-152)
