# 150-берене. Парламенттер аралык комиссиялар, достук топтору жана туруктуу парламенттик делегациялар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-150>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-150.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 150-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-150

---

1. Парламенттер аралык жана эл аралык уюмдарда Жогорку Кеңештин парламенттер аралык комиссияларынын, достук топторунун жана туруктуу парламенттик делегацияларынын негизги милдеттери, функциялары, аларды түзүүнүн жана ишинин тартиби жобо менен регламенттелет жана катышкандардын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет.

2. Чет өлкөлөргө жөнөтүлүүчү расмий парламенттик делегациялардын курамынын долбоорлору парламенттик фракциялардын, достук топторунун сунуштарын эске алуу менен тармактык комитет тарабынан түзүлөт жана Координациялык кеңеш тарабынан бекитилет.

3. Чакыруулардын негизинде эл аралык келишимдерге, макулдашууларга, программаларга ылайык депутаттын жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө чыгуусу Төраганын жана анын орун басарынын резолюциясына ылайык тармактык комитеттин чечими боюнча жүзөгө ашырылат.

Бардык чыгымдарды чакыруучу тараптын төлөөсү менен жекече чакыруу боюнча депутаттын чет өлкөгө иш сапарга чыгуусу Төраганын жана анын орун басарларынын резолюциясынын негизинде жүзөгө ашырылат.

4. Чет өлкөлүк парламенттердин, парламенттер аралык уюмдардын делегацияларын кабыл алуу үчүн Жогорку Кеңеш каржылык жана уюштуруу-техникалык камсыз кылуунун бирдиктүү тартибин бекитет, анын жоболору парламенттер аралык комиссиялардын алкагында же расмий парламенттик делегациялардын курамында чет өлкөлөргө жөнөп жаткан депутаттарга жайылтылат.

---

Мурунку берене: [149-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-149)  
Кийинки берене: [151-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-151)
