# 147-берене. Парламенттер аралык кызматташтык

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 31-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-147>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-147.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 147-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-147

---

1. Жогорку Кеңеш башка мамлекеттердин парламенттери жана эл аралык парламенттик уюмдар менен кызматташуу жөнүндө макулдашуу түзө алат, ага ыйгарым укуктуу адамдар кол коет жана Жогорку Кеңеште бекитилүүгө тийиш.

2. Жогорку Кеңештин депутаттары мамлекеттик, парламенттик, өкмөттүк жана башка делегациялардын курамында, ошондой эле жеке чакыруу боюнча эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтыкка катышат.

3. Жогорку Кеңештин эл аралык жана парламенттер аралык байланыштарын координациялоо эл аралык жана парламенттер аралык кызматташтык жөнүндө планына жана Жогорку Кеңештин ар жылдык иш планына ылайык тармактык комитет тарабынан жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-146)  
Кийинки берене: [148-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-148)
