# 145-берене. Жогорку Кеңештин имаратында тартипти жана этиканын ченемдерин сактоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 30-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 декабря 2013 года № 220 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205096)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263800..1263801>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-145>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-145.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 145-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-145

---

1. Жогорку Кеңештин жыйналыштар өтүүчү залы Жогорку Кеңештин жыйналыштарын өткөрүүчү расмий жай болуп саналат, ал жерде катышып отургандар тартипти, этиканы жана жүрүм-турумдун белгиленген ченемин сакташат.

2. Жогорку Кеңеш иштеп жаткан учурда депутаттар жана ага катышкан адамдар Жогорку Кеңештин расмий иш мүнөзүнө ылайык келген кийим кийип жүрүүгө тийиш.

3. Жыйналыштардын убагында уюлдук байланыш каражаттарын пайдаланууга тыюу салынат.

Депутаттарга, ошондой эле чакырылган жана Жогорку Кеңеште аккредиттелген адамдарга Жогорку Кеңештин имаратында курал алып жүрүүгө тыюу салынат.

4. Жогорку Кеңештин жана анын органдарынын жыйналышына чакырылгандарга, ошондой эле аккредиттелген адамдарга жыйналышты өткөрүүгө тоскоол болуучу плакаттарды, лозунгдарды, үн күчөткүчтөрдү, башка буюмдарды алып кирүүгө жана пайдаланууга тыюу салынат. Бул адамдар тартипти сактоого, тартипти бузбоого, жыйналыштар залында болуп жаткандарга карата өзүнүн мамилесин көпчүлүктүн алдында билдирүүдөн карманууга тийиш.

5. Белгиленген тартипти бузган учурда көрсөтүлгөн адамдар залдан мажбурлап чыгарылат.

(КР 2013-жылдын 13-декабрындагы № 220 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [144-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-144)  
Кийинки берене: [146-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-146)
