# 142-берене. Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуусу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 29-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-142>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-142.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 142-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-142

---

1. Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу жөнүндө чечим кабыл ала алат. Өзүн-өзү таратуу жөнүндө негизделген сунушту фракция киргизүүгө укуктуу. Төрага сунушту 7 күндүн ичинде алдын ала кароо жана сунуштарды киргизүү үчүн 2 күндүн ичинде бардык фракцияларга жөнөтөт. Ушундан кийин Төрага маселени кароонун датасын дайындайт.

2. Жогорку Кеңеш тарабынан өзүн-өзү таратуу жөнүндө маселени кароо толук талкуулоо жол-жобосу боюнча жүзөгө ашырылат.

3. Талкуулоо аяктагандан кийин, бирок талкуулоо башталгандан 3 күндөн кечиктирилбестен, Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуусу жөнүндө сунушу боюнча добуш берүү жүргүзүлөт.

4. Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таратуу жөнүндө чечими депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

5. Эгерде өзүн-өзү таратуу жөнүндө токтом кабыл алынса, Жогорку Кеңеш өзүн-өзү тараткан күндөн тартып 5 күндүк мөөнөттө Президент мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындайт. Мында шайлоо мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындалган күндөн тартып 45 күндөн кечиктирбестен өткөрүлүшү керек.

6. Жогорку Кеңеш жаңы чакырылыштын биринчи жыйналышына чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарат.

---

Мурунку берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-141)  
Кийинки берене: [143-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-143)
