# 140-берене. Депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселенин Жогорку Кеңеш тарабынан каралышынын тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-140>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-140.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 140-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-140

---

1. Депутатты жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө Башкы прокурордун, соттун сунуштамасы келип түшкөндө Жогорку Кеңеш атайын депутаттык комиссияны түзүү жөнүндө маселени 48 сааттын ичинде кезексиз тартипте карайт.

Атайын комиссия бир айдан кеч эмес мөөнөттө сунуштаманы карайт. Зарыл болгондо Башкы прокурордон жана соттон кошумча материалдар суратып алынышы мүмкүн. Атайын комиссия маселени кароодо ага карата маселе чечилип жаткан депутатты, прокуратуранын, соттун же арыз берүүчүнүн (жеке айыптоочунун) өкүлүн угууга жана чечимдин долбоорунда интерпретациялоо, баалоо же сунуштамада көрсөтүлгөн фактыларды гана тактоо менен чектелүүгө тийиш. Башкы прокурордун же соттун сунуштамасын кароонун жыйынтыктары боюнча атайын комиссия депутатты жазык жоопкерчилигине тартуу жөнүндө маселени Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн маалымдаманы жана чечимдин долбоорун Координациялык кеңешке жиберет.

2. Жогорку Кеңеш тарабынан маселени кароо атайын комиссиянын өкүлүнүн анын ишинин натыйжалары жөнүндө баяндамасы менен башталат жана толук талкуулоо жол-жобосу боюнча жүргүзүлөт.

Маселе боюнча жарыш сөздөргө фракциялардын өкүлдөрү жана жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө ага карата маселе чечилип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты катышат.

3. Эгерде ал үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, Жогорку Кеңештин Башкы прокурордун же соттун сунуштамаларын канааттандыруу жөнүндө чечими кабыл алынган болуп эсептелинет.

4. Жогорку Кеңештин жүйөлөштүрүлгөн токтомунун кабыл алынышы жөнүндө Башкы прокуратурага жана сотко үч күндүк мөөнөттө кабарланат.

Негиздер болгондо Жогорку Кеңеш өз чечимин кайра карашы мүмкүн.

5. Башкы прокурор же сот иш боюнча өндүрүш аяктаган күндөн тартып 3 күндүк мөөнөттө ишти териштирүүнүн же кароонун натыйжалары жөнүндө Жогорку Кеңеш кабарлоого милдеттүү.

6. Жогорку Кеңештин депутатын жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдөн Жогорку Кеңештин баш тартышы бул депутатка карата жазык иши боюнча өндүрүштү алып коюучу жагдай болуп саналат.

---

Мурунку берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-139)  
Кийинки берене: [141-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-141)
