# 139-берене. Депутаттын көз карандысыздыгынын кепилдиктери

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-139>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-139.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 139-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-139

---

1. Жогорку Кеңештин депутатына ыйгарым укуктарынын бардык мөөнөтү ичинде көз карандысыздык кепилдиктери жайылтылат:

1) ал депутаттык ишине байланыштуу айткандары же Жогорку Кеңештеги добуш берүүнүн натыйжалары үчүн куугунтукка алынышы мүмкүн эмес;

2) өзгөчө оор кылмыш жасаган учурларды кошпогондо, депутат Башкы прокурордун сунуштамасы боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдугу менен жазык жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.

Жогорку Кеңештин депутатына карата жазык иши Башкы прокурор тарабынан гана козголушу мүмкүн.

2. Депутатка кол салгандыгы үчүн күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган жоопкерчиликти тартат.

---

Мурунку берене: [138-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-138)  
Кийинки берене: [140-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-140)
