# 138-берене. Депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту Жогорку Кеңеш тарабынан кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 28-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-138>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-138.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 138-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-138

---

1. Караштуулугунда регламенттин маселелери болгон комитет ушул Регламенттин 137-беренесинин 1-бөлүгүнүн 3 жана 8-пункттары менен каралган учурларда, депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени карайт. Ушул негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө сунушту комитеттин кароосуна ошондой эле депутат мүчөсү болуп саналган фракция дагы киргизүүгө укуктуу. Маселени кароо тиешелүү маалымат же арыз түшкөн күндөн тартып 10 күндүн ичинде жүргүзүлөт.

2. Бул маселени кароодо комитет документтерди иликтейт, ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө сунуш киргизилген депутатты жана фракциялардын өкүлдөрүн угат.

3. Комитет чечим кабыл алат жана көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселени кезексиз тартипте кароо үчүн Жогорку Кеңештин жыйналышынын күн тартибине киргизүү үчүн аны Координациялык кеңешке жиберет.

4. Жогорку Кеңеш маселени толук талкуулоо жол-жобосу боюнча карайт. Көрсөтүлгөн негиздер боюнча депутаттын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом Жогорку Кеңеш тарабынан катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат жана кабыл алынгандан кийин 3 күндөн кечиктирилбестен Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссияга жөнөтүлөт.

---

Мурунку берене: [137-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-137)  
Кийинки берене: [139-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-139)
