# 135-берене. Президенттин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-135>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-135.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 135-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-135

---

1. Президенттин ыйгарым укуктары төмөнкү учурларда мөөнөтүнөн мурда токтотулушу мүмкүн:

1) өз арызы боюнча кызматтан кеткенде;

2) оорусу боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруу мүмкүн болбогондо;

3) каза болгондо;

4) Конституцияда каралган тартипте кызмат ордунан четтетилгенде.

2. Өз арызы боюнча кызматтан кеткен учурда, Президенттин ыйгарым укуктары Жогорку Кеңешке жазуу жүзүндө арыз берген же ал өзү эл алдында билдирүү жасаган учурдан тартып токтотулган болуп эсептелет, кызматтан кетүү жөнүндө арыз Жогорку Кеңеш тарабынан эске алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат.

3. Президент каза болгон учурда Жогорку Кеңеш тарабынан каза болуу фактысы эске алынат жана протокол менен жол-жоболоштурулат.

4. Президенттин оорусу боюнча өз милдеттерин жүзөгө ашыруусу мүмкүн болбой калгандыгы жөнүндө маселени эки фракция же эки комитет коюуга укуктуу. Мындай учурда Жогорку Кеңеш 5 календардык күндүн ичинде катышкандардын көпчүлүк добуштары, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен мамлекеттик медициналык комиссия түзүү жөнүндө токтом кабыл алат. Жогорку Кеңеш мамлекеттик медициналык комиссиянын корутундусунун негизинде, корутунду берилген күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде, депутаттардын жалпы санынын кеминде үчтөн экисинин добушу менен Президентти мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алат.

---

Мурунку берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-134)  
Кийинки берене: [136-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-136)
