# 134-берене. Жогорку Кеңеш тарабынан Президентти шайлоону дайындоо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 27-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-134>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-134.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 134-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-134

---

1. Президентти шайлоо катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн добушу, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынган Жогорку Кеңештин токтому менен дайындалат.

2. Президентти шайлоону дайындоо жөнүндө токтомдун долбоору Жогорку Кеңештин жыйналышына тиешелүү комитет тарабынан киргизилет.

3. Президентти кезектеги шайлоо иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин 5 ай калгандан эрте эмес жана 4 ай калгандан кеч эмес дайындалат. Шайлоо иштеп жаткан Президенттин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнгө чейин 60 календардык күн калгандан эрте эмес жана 45 календардык күн калгандан кеч эмес өткөрүлүшү керек.

4. Президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган күндөн тартып 5 календардык күндүн ичинде дайындалат. Шайлоо Президенттин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган күндөн тартып үч айлык мөөнөттө өткөрүлүшү керек.

5. Шайлоону дайындоо жөнүндө Жогорку Кеңештин токтому кийинки 2 календардык күндүн ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат.

---

Мурунку берене: [133-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-133)  
Кийинки берене: [135-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-135)
