# 133-берене. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун ар жылдык жана атайын баяндамалары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 июля 2012 года № 105 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203705)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263796..1263797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 133-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-133

---

(Берененин аталышы КР 2012-жылдын 12-июлундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо үчүн парламенттик контроль Акыйкатчыга (Омбудсменге) жүктөлөт.

2. Ар бир жылдын 1-апрелине чейин Акыйкатчы (Омбудсмен) Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоонун абалы жөнүндө Жогорку Кеңешке ар жылдык баяндамасын берет.

2-1. Улуттук борбор жыл сайын 1-мартка чейин Жогорку Кеңешке өзүнүн иши жөнүндө баяндама жана өткөн жыл үчүн финансылык отчет берет. Ар жылдык баяндама кыйноолорду жана катаал мамиленин алдын алуу чөйрөсүнүн абалы жөнүндө жалпы баа берүүнү, корутундуларды камтуусу тийиш. Ар жылдык баяндамада анын сунуштамаларын этибарга албастан, Улуттук борбордун ишине тоскоолдук кылган мамлекеттик органдар (кызмат адамдары) көрсөтүлүүсү тийиш. Зарыл болгондо Улуттук борбор Жогорку Кеңешке эркиндигинен ажыратылган жана чектелген жайлардагы ашкереленген жана дароо чечүүнү талап кылган адам укуктарын одоно бузуулардын фактылары боюнча атайын баяндаманы (баяндамаларды) бере алат.

3. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндамалары тармактык комитет тарабынан каралгандан кийин Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын (Омбудсмендин) баяндамасын биринчи эле жыйналышта угууга милдеттүү.

Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндамалар менен чыгып сүйлөө датасы Жогорку Кеңеш тарабынан айлык иш планында аныкталат. Парламенттик фракциялар баяндамага карата өзүлөрүнүн мамилелерин аныктоо үчүн чыгып сүйлөй алышат.

4. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун ар жылдык жана атайын баяндамаларын угуу боюнча Жогорку Кеңештин жыйналышына Премьер-министр, Башкы прокурор, Өкмөттүн мүчөлөрү, башка мамлекеттик органдардын жетекчилери чакырылат.

5. Акыйкатчынын (Омбудсмендин) жана Улуттук борбордун директорунун баяндамаларын кароонун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңеш Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштарын мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана алардын кызмат адамдары тарабынан жүзөгө ашырылуусунун максатка ылайыктуулугуна баа бериши жана тиешелүү чечим кабыл алышы керек.

(КР 2012-жылдын 12-июлундагы № 105 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-132)  
Кийинки берене: [134-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-134)
