# 131-берене. Жогорку Кеңештин Өкмөткө ишеним көрсөтпөөсү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 25-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 131-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-131

---

1. Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча Жогорку Кеңеш Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени карай алат.

2. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө токтом депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.

3. Президентти кезектеги шайлоого 6 ай калганда Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө маселенин каралышы мүмкүн эмес.

4. Өкмөткө ишеним көрсөтпөө болгондон кийин Президент Өкмөттүн кызматтан кетиши тууралуу чечимди кабыл алууга же болбосо Жогорку Кеңештин чечимине макул болбоого укуктуу.

5. Жогорку Кеңеш тарабынан Өкмөткө ишеним көрсөтпөө жөнүндө чечим 3 айдын ичинде кайра кабыл алынган учурда, Президент Өкмөттү кызматтан кетирет.

---

Мурунку берене: [130-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-130)  
Кийинки берене: [132-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-132)
