# 127-берене. Жогорку Кеңештин өкүлдөрүн дайындоо жана кайра чакыртып алуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 24-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 127-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-127

---

1. Жогорку Кеңеш парламенттик көпчүлүктүн жана азчылыктын тең салмактуу өкүлчүлүгүн эске алуу менен өзүнүн өкүлдөрүн консультациялык-кеңеш берүүчү органдарга дайындайт.

2. Консультациялык-кеңеш берүүчү органдарга Жогорку Кеңештин өкүлдөрүнүн талапкерликтери фракциялардын сунушу боюнча жооптуу комитет тарабынан берилет.

3. Жогорку Кеңеш Өкмөттөгү өзүнүн туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлүн Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилген жобого ылайык Аппараттын кызматкерлеринин ичинен дайындайт жана бошотот.

4. Өз өкүлдөрүн дайындоо жөнүндө же баш тартуу тууралуу маселе боюнча Жогорку Кеңеш ачык добуш берүү менен катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен токтом кабыл алат.

5. Жогорку Кеңештин консультациялык-Кеңеш берүүчү органдарынын курамындагы өкүлдөрүн кайра чакыртып алуу комитеттин төрагасын жана анын орун басарларын кайра чакыртып алуу үчүн белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

---

Мурунку берене: [126-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-126-1)  
Кийинки берене: [128-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-128)
