# 126-берене. Мамлекеттик кызмат адамдарын жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-126>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-126.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 126-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-126

---

1. Башкы прокурордун же анын милдетин аткаруучунун тиешелүү сунуштамасы болгондо гана Жогорку Кеңеш Башкы прокурорду, Акыйкатчыны (Омбудсменди) жана анын орун басарларын жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө маселени карайт.

2. Сунуштаманы кароо үчүн ушул Регламентте белгиленген тартипте териштирүү боюнча комиссия түзүлөт. Комиссия сунуштаманы карайт жана өзү түзүлгөн учурдан тартып 21 күндөн кечиктирбестен өз корутундусун Жогорку Кеңешке жөнөтөт.

3. Сот тартибинде салынуучу жазык жоопкерчилигине жана администрациялык жоопкерчиликке тартууга макулдук берүү маселесин кароодо комиссия Башкы прокуратуранын өкүлүн, ошондой эле маселеси чечилип жаткан адамды угууга милдеттүү.

4. Комиссиянын маалымдамасы жана мамлекеттик кызмат адамдарын жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечимдин долбоору Жогорку Кеңештин жакынкы жыйналышынын күн тартибине киргизилет.

5. Бул маселени кароодо, ошондой эле берилген чечимдин долбоорунда сунуштамада көрсөтүлгөн фактыларды гана чечмелөө, баалоо же тактоо менен чектелет.

Токтом жашыруун добуш берүү менен катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат.

---

Мурунку берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-125)  
Кийинки берене: [126-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-126-1)
