# 125-берене. Кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 февраля 2014 года № 30 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205252)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263801..1263802>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 125-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-125

---

1. Жогорку Кеңеш Жогорку соттун жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын, Улуттук банктын төрагасын, Эсептөө палатасынын, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагаларын жана мүчөлөрүн, Акыйкатчыны (Омбудсменди) алар тарабынан өз каалоосу боюнча кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө арыз берилген учурда катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен бошотот.

2. Жогорку Кеңеш ачык добуш берүү менен, төмөнкүлөрдү кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу:

1) Жогорку соттун судьяларын жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын - депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу менен;

2) Улуттук банктын төрагасын, Эсептөө палатасынын, Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын төрагаларын жана мүчөлөрүн, Акыйкатчыны (Омбудсменди) - катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен;

3) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын - катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн добушу, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен.

3. Бул сунушту негиздөө менен кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунушту төмөнкүлөр берет;

1) Президент - Башкы прокурорго карата;

2) Судьялар Кеңешинин сунушунун негизинде Президент - Жогорку соттун судьяларына жана Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларына карата;

3) Президент, эки фракция, эки комитет - Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиянын мүчөлөрүнө карата;

3-1) Кыргыз Республикасынын Президенти, парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция ушул Мыйзамда каралган учурларда - Эсептөө палатасынын мүчөсүнө (аудиторуна) карата;

4) Жогорку Кеңештин фракциялары - Акыйкатчыга (Омбудсменге) карата;

5) Акыйкатчы (Омбудсмен) - өзүнүн орун басарларына карата.

4. Эгерде тиешелүү чечим үчүн ачык добуш берүү менен, депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмеси добуш берсе, Президентке Башкы прокурорду кызматынан бошотууга Жогорку Кеңеш тарабынан макулдук берилген болуп эсептелет.

5. Жогорку Кеңеш депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча, ачык добуш берүү менен депутаттардын жалпы санынын үчтөн экисинин добушу жана мыйзам менен каралган учурларда, Башкы прокурорду кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

6. Ушул берененин 1-бөлүгүндө көрсөтүлгөн адамдарды кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө сунуш тармактык комитет тарабынан 10 күндүк мөөнөттө, бирок сунушту алгандан кийин 7 күндөн эрте каралбайт.

Башка комитеттер жана фракциялар талкуулоо өткөрүүгө жана жооптуу комитет тарабынан маселе каралганга 3 күн калганга чейин жооптуу комитетке корутунду берүүгө укуктуу.

7. Жогорку Кеңеш кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө маселени, ушул берененин 6-бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөт бүткөндөн кийин 5 күндөн кечиктирбестен карайт.

8. Эгерде Жогорку Кеңештин сессиясы көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганга чейин жабылган учурда, ушул берененин 6- жана 7-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөрдү сактоо менен маселе кезексиз сессияда каралууга жана чечилүүгө тийиш.

(КР 2014-жылдын 18-февралындагы № 30 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-124)  
Кийинки берене: [126-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-126)
