# 124-берене. Мамлекеттик кызмат адамдарын шайлоонун, бекитүүнүн, дайындоого макулдук берүүнүн жол-жобосу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 23-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 28 июля 2017 года № 149 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием Закона Кыргызской Республики "О Дисциплинарной комиссии при Совете судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111656)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 28.07.2017 [Закон КР от 28 июля 2017 года № 149 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием Закона Кыргызской Республики "О Дисциплинарной комиссии при Совете судей Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111656); 21.05.2015 [Закон КР от 21 мая 2015 года № 108 "О внесении дополнений и изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111151)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263811..1263812>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 124-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-124

---

1. Жогорку Кеңеш Конституцияда каралган мамлекеттик кызматтарга шайлоо тууралуу, дайындоого, жактыруу макулдук берүү жөнүндө жана мамлекеттик кызмат адамдарын шайлоону бекитүү тууралуу маселелерди тиешелүү сунуштаманы алган учурдан тартып 14 күндөн кечиктирбестен карайт жана чечет.

Талапкерлерди кароо бир жыныстагы адамдардын 70 пайыздан ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

2. Көрсөтүлгөн кызматтарга талапкерлер Жогорку Кеңешке кызмат адамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин 20 күндөн кечиктирбестен, же анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган учурда анын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулгандан кийин 15 күндөн кечиктирбестен киргизилет.

3. Жогорку Кеңешке көрсөтүлгөн талапкерлер тиешелүү сунуштама алган күндөн тартып 14 күндөн кечиктирбестен милдеттүү түрдө жооптуу комитетте талкууланат, ал ар бир талапкер боюнча корутунду даярдайт.

Башка комитеттер жана фракциялар сунушталган талапкерлерди талкуулоону жүргүзүүгө жана маселени жооптуу комитет караганга чейин 3 күн калганча ар бир талапкер боюнча корутундуну жооптуу комитетке берүүгө укуктуу. Талапкерлер чакырылган учурда, комитеттин, фракциянын жыйналышына катышууга жака берилген суроолорго жооп берүүгө милдеттүү.

4. Жогорку Кеңеш жашыруун добуш берүү менен төмөнкүлөрдү шайлайт:

1) Жогорку соттун Конституциялык палатасынын судьяларын кошуп алганда, Жогорку соттун судьяларын, Улуттук банктын төрагасын, Эсептөө палатасынын жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын курамдарынын үчтөн бирин - Президенттин сунуштамасы боюнча;

2) Эсептөө палатасынын жана Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын курамдарынын үчтөн бирин - парламенттик көпчүлүктүн сунуштамасы боюнча, ал эми үчтөн бирин - парламенттик оппозициянын сунуштамасы боюнча;

3) Акыйкатчыны (Омбудсмеиди) - парламенттик фракциялардын сунуштамасы боюнча;

4) Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын - Акыйкатчынын (Омбудсмендин) сунуштамасы боюнча.

5. Парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамынын үчтөн бирин жашыруун добуш берүү менен шайлайт. Судьялар кеңеши тарабынан сунушталган талапкерлер менен чогуу шайланган талапкерлер Жогорку Кеңештин тармактык комитетине сунушталып, ал Судьяларды тандоо боюнча кеңештин толук курамын Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизет.

6. Жогорку Кеңеш Судьяларды тандоо боюнча Кеңештин шайланган курамын бирдиктүү тизмеде ачык добуш берүү менен бекитет.

61. Парламенттик көпчүлүк жана парламенттик оппозиция Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын курамына экиден талапкер көрсөтөт. Талапкерлер Жогорку Кеңештин тармактык комитетине көрсөтүлөт, комитет Жогорку Кеңештин бекитүүсүнө киргизет.

Добуштардын көпчүлүгүнө ээ болгон үч талапкер тандалып алынды деп эсептелет. Эгерде 1-3-орундарды ээлеген бир же бир нече талапкер жана 4-орунду ээлеген талапкер бирдей сандагы добуштарды алса, анда бирдей сандагы добуштарды алган талапкерлер боюнча кайталап добуш берүү жүргүзүлөт.

7. Жогорку Кеңеш Башкы прокурорду дайындоого жашыруун добуш берүү менен макулдук берет.

8. Жогорку Кеңештин шайлоо, дайындоого, жактыруу макулдук берүү жөнүндө жана кызматка шайланууну бекитүү жөнүндө чечими катышкандардын санынын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмесинин добушу менен кабыл алынат жана токтом менен жол-жоболоштурулат.

9. Эгерде Жогорку Кеңеш сунуш кылынган талапкерлерди дайындоого макулдук бербесе, аларды шайлабаса, Президент 15 календардык күндүн ичинде башка талапкерлерди сунуштоого милдеттүү.

Макулдук берүү же Жогорку Кеңеш тарабынан шайлануу жол-жобосунан өтпөгөн талапкерлер Жогорку Кеңеште тиешелүү органга өкүл болууга укугу жок. (КР 2015-жылдын 21-майындагы № 108, 2017-жылдын 28-июлундагы № 149 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [123-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-123)  
Кийинки берене: [125-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-125)
