# 123-берене. Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бекитүү

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 22-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 123-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-123

---

1. Өкмөттүн программасынын, түзүмүнүн жана курамынын долбоорлору Премьер-министрдин кызматына талапкер тарабынан ал көрсөтүлгөн күндөн тартып 7 жумушчу күндүн ичинде Жогорку Кеңешке киргизилет жана ушул Регламенттин 122-беренесинде белгиленген мөөнөттөн кечиктирбестен Жогорку Кеңеш тарабынан каралууга жана бекитилүүгө тийиш.

2. Төрага Жогорку Кеңешке келип түшкөн Өкмөттүн программасынын, түзүмүнүн жана курамынын долбоорлорун бардык депутаттарга жиберет жана аны Жогорку Кеңештин кезексиз кароосуна киргизет.

3. Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын Жогорку Кеңеш толук талкуулоо жол-жобосу боюнча карайт.

4. Жогорку Кеңеш Өкмөттүн программасынын, түзүмүнүн жана курамынын долбоорлорун Премьер-министрдин кызматына талапкердин макулдугусуз өзгөртө албайт.

5. Өкмөттүн программасын, түзүмүн жана курамын бекитүү жөнүндө токтом катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмес добушу менен кабыл алынат.

6. Өкмөттүн ишинин жүрүшүндө Жогорку Кеңеш ушул берене менен аныкталган тартипте Премьер-министрдин сунушу боюнча Өкмөттүн программасындагы, түзүмүндөгү жана курамындагы өзгөртүүлөрдү бекитет.

---

Мурунку берене: [122-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-122)  
Кийинки берене: [124-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-124)
