# 120-берене. Согуш жана тынчтык, өзгөчө, аскердик абалды киргизүү, Кыргыз Республикасына түздөн-түз кол салуу же кол салуу коркунучу болгон учурда согуш абалын жарыялоо маселелерин кароо

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 21-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"](https://aqlex.ai/kg/doc/111706)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 01.12.2017 [Закон КР от 1 декабря 2017 года № 197 (2) "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в связи с принятием конституционных законов Кыргызской Республики "О внесении изменений в конституционный Закон Кыргызской Республики "О военном положении" от 20 мая 2015 года № 106 и "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики" от 14 июля 2015 года № 163"](https://aqlex.ai/kg/doc/111706); 05.03.2014 [Закон КР от 5 марта 2014 года № 39 "О внесении дополнения и изменения в Закон Кыргызской Республики "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205261)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263813..1263814>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 120-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-120

---

1. Президент согуш жана тынчтык, өзгөчө, согуштук абалды киргизүү, Кыргыз Республикасына түздөн-түз кол салуу же кол салуу коркунучу болгон учурда, согуш абалын жарыялоо маселелери боюнча жарлыкты Жогорку Кеңешке жиберет.

2. Жогорку Кеңеш Президенттин жарлыгын комитеттерде алдын ала кароосуз бекитүү же жокко чыгаруу боюнча чечимди ал келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде, ал эми айрым жерлерде өзгөчө кырдаалды киргизүү маселелери боюнча - ал келип түшкөн учурдан тартып 3 күндөн кечиктирилбестен карайт жана кабыл алат.

3. Эгерде табигый кырсыктардын, башка жеңүүгө мүмкүн болбогон кыйынчылыктардын натыйжасында кворум белгиленген мөөнөттө болушу мүмкүн болбосо, же болбосо жыйналыш Жогорку Кеңештин имаратында өтүшү мүмкүн болбосо, Төрага Бишкек шаарындагы же башка шаардагы башка жайды тандап алат, ал жөнүндө депутаттар жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу же башка ыкма менен кабарландырылат.

4. Кыргыз Республикасына кол салуу же кол салуу коркунучу түздөн-түз болгон учурда Жогорку Кеңеш Президенттин өзгөчө, согуштук абалды киргизүү жөнүндө, согуштук абал жарыялоо тууралуу жарлыгын жана ал караган чараларды толугу менен, тигил же бул бөлүктөрүн бекитиши же аны четке кагышы мүмкүн.

5. Президенттин жарлыгын бекитүү же жокко чыгаруу жөнүндө токтом катышып отурган депутаттардын көпчүлүгүнүн, бирок депутаттардын 50дөн кем эмес добушу менен кабыл алынат.

6. Кабыл алынган чечим жөнүндө Жогорку Кеңеш 3 сааттын ичинде Президентке маалымдайт жана аны жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялайт.

7. Эгерде Жогорку Кеңеш аны ушул Регламент менен аныкталган мөөнөттө бекитпесе, өзгөчө, согуштук абалды киргизүү жөнүндө, Кыргыз Республикасына кол салуу же кол салуу коркунучу түздөн-түз болгон учурда согуш абалын жарыялоо тууралуу Президенттин жарлыгы күчүн жоготот.

(КР2014-жылдын 5-мартындагы № 39, 2017-жылдын 1-декабрындагы № 197 (2) Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-119)  
Кийинки берене: [121-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-121)
