# 118-берене. Парламенттик угууларды өткөрүүнүн тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-118>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-118.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 118-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-118

---

1. Парламенттик угууларды аларды өткөрүүнү демилгелеген фракциянын лидери, комитеттин же комиссиянын төрагасы алып барат.

2. Төрагалык кылуучу депутаттарга жана чакырылган адамдарга чыгып сүйлөө үчүн сөз берет, талкуулоонун тартибин сактайт, билдирүүлөр менен чыгат.

3. Парламенттик угуулардын узактыгын талкууланган маселелердин мүнөзүнө жараша Жогорку Кеңештин фракциясы, комитети жана комиссиясы аныктайт.

4. Эгерде Жогорку Кеңеш башка чечим кабыл албаса, Жогорку Кеңештин жыйналыштарынын убагында парламенттик угууларды өткөрүүгө жол берилбейт.

5. Парламенттик угуулар катышып отургандарга талкуулана турган маселенин маңызы, жыйналышты өткөрүүнүн тартиби, чакырылган адамдардын курамы жөнүндө маалымат берген төрагалык кылуучунун кириш сөзү менен башталат. Андан кийин талкуулануучу маселе боюнча баяндама үчүн фракциянын, комитеттин же комиссиянын өкүлүнө 20 мүнөткө чейин сөз берилет, андан кийин депутаттар жана чакырылган адамдар сүйлөшөт.

6. Чакырылган адамдардын баары төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана сүйлөшөт.

7. Парламенттик угууларда баяндамачылардын жана чакырылган адамдардын чыгып сүйлөгөн сөздөрүнөн кийин, катышып отургандардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки суроолору жана аларга берилген жооптор болот.

8. Парламенттик угуулардын катышуучулары чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрүн кыйкырыктар, кол чабуулар менен бөлүүгө, парламенттик угуулардын регламентин бузууга укуктары жок. Төрагалык кылуучу тартип бузуучуларды залдан чыгарып жиберүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [117-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-117)  
Кийинки берене: [119-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-119)
