# 117-берене. Парламенттик угууларга катышуу

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 27 июля 2016 года № 151 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты в сфере доступа к информации"](https://aqlex.ai/kg/doc/111430)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166#diff=1263809..1263810>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-117>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-117.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 117-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-117

---

1. Парламенттик угуулар жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, жарандар жана алардын бирикмелери үчүн ачык болот.

2. Президент, Премьер-министр, Жогорку соттун, Жогорку соттун Конституциялык палатасынын Кыргыз Республикасынын Судьялар кеңешинин төрагалары, Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү, Өкмөт мүчөлөрү, Өкмөттүн Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү, Башкы прокурор, Улуттук банктын, Эсептөө палатасынын төрагалары, Акыйкатчы (Омбудсмен), Координациялык кеңештин төрагасы жана Улуттук борбордун директору парламенттик угууларга катышууга укуктуу. Башка кызмат адамдары парламенттик угууларга бул угуулардын демилгечилеринин чакыруусу боюнча катыша алышат.

(КР 2012-жылдын 12-июлундагы № 105, 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-116)  
Кийинки берене: [118-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-118)
