# 115-берене. Парламенттик угуулар

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 20-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 115-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-115

---

1. Фракциялар, комитеттер жана комиссиялар өздөрүнүн караштуулугундагы маселелер боюнча парламенттик угууларды демилгелешет жана өткөрүшөт.

2. Парламенттик угууларда мыйзам долбоорлору, эл аралык келишимдерди ратификациялоо жана денонсациялоо боюнча мыйзамдардын долбоорлору, республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоору жана анын аткарылышы жөнүндө отчет, мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышы, башка маселелер талкууланат.

3. Жарандардын конституциялык укуктарын, эркиндиктерин жана милдеттерин, саясий партиялардын, коммерциялык эмес уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын укуктук статусун камсыз кылуу тууралуу, бюджет, салык жана башка алымдар жөнүндө, жеке ишкердикти мамлекеттик жөнгө салуунун жаңы түрлөрүн киргизүү жөнүндө, экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу жана укук бузууларга каршы күрөшүү тууралуу мыйзамдардын долбоорлору боюнча парламенттик угууларды өткөрүү милдеттүү болуп саналат.

---

Мурунку берене: [114-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-114-1)  
Кийинки берене: [116-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-116)
