# 114-берене. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырууда комитеттердин укуктары

- Документ: [Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/203166)
- Документтеги орду: 19-глава
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 25-ноябрындагы № 223 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2011
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.11.2022
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон Кыргызской Республики от 16 ноября 2022 года № 106 "О Регламенте Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/112437)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-4210/edition/1263794/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/203166/st-114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.11.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө, 114-берене (16.11.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-114

---

1. Өздөрүнүн, каралган же алардын өндүрүшүндө болгон иштердин маңызы боюнча сотторду жана судьяларды кошпогондо ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу максатында комитеттер мыйзамдардын жоболорун жана Жогорку Кеңештин чечимдерин бузуу же болбосо аткарбоо фактылары боюнча, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук мааниге ээ башка маселелер боюнча мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына жана алардын кызмат адамдарына кайрылууга укуктуу.

2. Мыйзамдардын жана Жогорку Кеңештин чечимдеринин аткарылышын текшерүүдө комитеттер өздөрү жүргүзүп жаткан иш-чараларга катышууга контролдоо-көзөмөлдөө функциялары берилген мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн, ошондой эле мамлекеттик эмес аудитордук кызматтардын өкүлдөрүн жана айрым адистерди тартууга укуктуу.

3. Комитеттер мамлекеттик бюджеттен каржылоо алган мамлекеттик органдардан жана уюмдардан же мамлекеттик органдын функцияларын же болбосо функцияларынын бир бөлүгүн жүзөгө ашырган, мамлекеттик менчиктин үлүшү бар ишканалардан, мекемелерден, уюмдардан документтерди жана материалдарды суратып алууга, ошондой эле алардын кызмат адамдарын жыйналыштарга чакырууга укуктуу.

4. Мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер, уюмдар жана алардын кызмат адамдары комитеттерге алар сураткан документтерди, материалдарды, маалыматтарды берүүгө милдеттүү.

5. Суралган документтердин жана материалдардын жооптуу адам тарабынан күбөлөндүрүлгөн түп нускалары же көчүрмөлөрү Жогорку Кеңештин комитеттерине бир айдан ашпаган мөөнөттө берилиши керек.

(КР 2016-жылдын 27-июлундагы № 151 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [113-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-113)  
Кийинки берене: [114-1-берене](https://aqlex.ai/kg/doc/203166/st-114-1)
